Башкы беткеПрезидентКоопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Азербайжандын Президенти менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Азербайжандын Президенти менен жолугушту

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 17-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бешинчи жыйынынын алкагында Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушууга катышты.
Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев коопсуздук кеңештеринин катчылары менен кызматташуунун учурдагы абалы жана келечегин талкуулап, аймактык коопсуздуктун жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Адилет Орозбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун айткан саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.
Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле Кыргызстан аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоону ырааттуу түрдө жактап келе жатканын белгиледи.
“Ошол эле учурда биз бардык өнөктөш мамлекеттер менен өз ара сый-урмат жана жалпы кызыкчылыктарды эске алууга негизделген конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө ишенебиз. Дал ушул биргеликте аракеттенүү бизге координацияланган мамилелерди иштеп чыгууга жана коопсуздук жаатындагы орток кызыкчылык жараткан маселелер боюнча натыйжалуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет”, – деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар