19-сентябрдан 4-октябрга чейин Япониянын Айти жана Нагоя шаарларында XX Жайкы Азия оюндары өтөт. Мелдешке 46 делегациядан 10 800дөн ашык спортчу катышып, спорттун 43 түрү боюнча 469 медаль топтому ойнотулат.
Бул Азиадада MMA, e-таэквондо, текбол, падел, серфинг жана фристайл BMX сыяктуу спорт түрлөрү алгачкы жолу расмий программага киргизилди.
Кыргызстан мелдешке 28 спорт түрү боюнча 174 спортчу менен катышат. Курама командада футболдон 25, волейболдон 24, күрөштөн 15 жана дзюдодон 13 спортчу бар.




