Башкы беткеСаясатКыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

Кыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

Башкы прокурор Малик Бектурганов 22-сентябрда Нью-Йоркто өлкө атынан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду.

Документке кол коюу БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өтүп жаткан 2026-жылдагы Келишимдик иш-чаранын жүрүшүндө болду.

Конвенция БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2024-жылдын 24-декабрында кабыл алынган. Ал киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы БУУнун биринчи универсалдуу эл аралык-укуктук документи болуп саналат.

Документ маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу жана тергөөдө мамлекеттердин кызматташтыгын күчөтүүгө, электрондук далилдерди алуу жана алмашуу механизмдерин жакшыртууга багытталган.

Конвенцияга кол коюу Кыргызстанга трансулуттук киберкылмыштарга каршы күрөшүү, электрондук далилдерди сактоо жана алуу, ошондой эле кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү багытында башка мамлекеттер менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эми документти ратификациялоо жана анын жоболорун улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболор жүргүзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар