БУУнун Башкы ассамблеясында жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу эл аралык көзөмөл маселеси да талкууланды. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү үчүн эл аралык эрежелерди күчөтүүгө чакырып, өмүр менен өлүмгө байланышкан чечимдер машиналарга берилбеши керектигин белгиледи.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп жасалма интеллектти глобалдык деңгээлде көзөмөлдөө аракеттерине каршы экенин билдирди. Ошондой эле АКШнын расмий документтеринде “ашынган интеллект” термининин ордуна “супер интеллект” аталышын колдонуу сунушун айтты.
Башка өлкөлөрдүн лидерлери болсо технологияны өнүктүрүү менен катар анын коопсуздугун камсыз кылган эл аралык принциптерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Улуу Британия глобалдык стандарттарды иштеп чыгууга демилге көтөрсө, Франция жасалма интеллект жаатында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.
БУУда жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча талкуулар улантылып, бул маселе Коопсуздук кеңешинин күн тартибине да чыгарылууда.



