Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына жумушчу сапары аяктады.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө барып, анын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.
Жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Geely Auto Group» компаниясынын кеңсесинде болду жана Ханчжоу шаарындагы бир катар алдыңкы кытай компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.


