Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында эки жыл ичинде 38,5 миллиондон ашык окуу-методикалык комплекс басып чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, 2030-жылга чейин уланат.
Өлкөнүн билим берүү мекемелерин окуу-методикалык комплекстер менен толук камсыз кылуу үчүн жалпысынан 48,4 миллион нуска окуу китеби талап кылынат. Учурда алардын 10 миллионго жакыны даярдалган. Алдыдагы эки жылда дагы 38,5 миллиондон ашык окуу китебин басып чыгаруу пландалууда.
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына 2025-жылдан тарта этап-этабы менен өтө баштаган. 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан тартып берилет.



