Башкы беткеЭкономикаБишкек – Фукуок багыты боюнча туруктуу каттамдар башталат

Бишкек – Фукуок багыты боюнча туруктуу каттамдар башталат

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 31-октябрдан тартып Бишкек – Фукуок – Бишкек эл аралык маршруту боюнча  туруктуу каттамдарды аткара баштайт.

Каттамдар жумасына 3 жолу аткарылып, Кыргызстан менен Вьетнамдын популярдуу туристтик аралы болгон Фукуоктун ортосунда түз аба байланышын камсыздайт.

Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат: Фукуоктон Бишкекке кайтып келе жатканда, белгиленген жүк ташуу талаптарына жана колдонуудагы эрежелерге ылайык, салмагы 5 кг чейин  мөмө-жемиш салынган бир себетти акысыз алып өтүүгө уруксат берилет.

Буга чейин Бишкек – Фукуок – Бишкек маршруту авиакомпаниянын каттамдар тармагында негизинен чартердик ташуулар катары гана аткарылып келген. 2026-жылдын октябрынан тартып «Аэро Номад Эйрлайнс» бул багытты  туруктуу негизде тейлей баштайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар