«Ала-Тоо Резорт» лыжа курортунун аймагында төрт асма аркан жолдун курулушу уланууда. Буга чейин B1 жана B2 асма аркан жолдорунун курулушу толугу менен аяктаган.
Учурда A, C, E жана X аркан жолдорунда таянычтарды жана тростук системаларды орнотуу, электр-монтаждоо, ошондой эле станциялар менен оператордук бөлмөлөрдүн ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Узундугу 471 метр болгон A лифтинде электр-монтаждоо жана ички жасалгалоо иштери уланууда. Объект жабдууларды орнотуунун кийинки этабына даярдалууда.
769 метрлик C лифтинин бардык таянычтары орнотулуп бүттү. Учурда алардын ортосундагы тросторду монтаждоо жана тартуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, оператордук бөлмөлөрдө ички жасалгалоо жана панелдерди орнотуу иштери аткарылууда.
Узундугу 2 578 метр болгон E лифтинин бардык таянычтары орнотулду. Азыр тросторду тартуу жана электр-монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми 246 метрлик X лифтинде бардык таянычтар жана алардын ортосундагы тростор орнотулган. Учурда оператордук бөлмөлөрдүн ички жасалгалоо жана электр-монтаждоо иштери аткарылууда.
Асма аркан жолдордун курулушун дүйнөлүк аркан жол системаларын өндүрүүчүлөрдүн бири болгон австриялык Doppelmayr компаниясы жүргүзүүдө.
Долбоорго ылайык, курорттогу алты асма аркан жолдун бардыгы лыжа курорту ачылганга чейин даярдалып, анын иши башталган күндөн тартып пайдаланууга берилет.



