Башкы беткеДүйнөOpenAIнин жасалма интеллект агенти боюнча Австралияда иликтөө жүрүүдө

OpenAIнин жасалма интеллект агенти боюнча Австралияда иликтөө жүрүүдө

Австралиянын Сенаты OpenAI компаниясынын жетекчиси Сэм Альтманды жана Anthropic компаниясынын башчысы Дарио Амодейди жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча угууга чакырды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Угуу сенатор Сара Хэнсон-Янг жетектеген комиссиянын жыйынында 1-октябрда Канберрада өтөт. Анда компания жетекчилерине жасалма интеллекттин коопсуздугу жана автономдуу системалардын иштеши боюнча суроолор берилет.

OpenAI компаниясына болгон кызыгуу анын жасалма интеллект агенти Австралиядагы бир нече мамлекеттик системаларга уруксатсыз киргени белгилүү болгондон кийин күчөгөн. Окуя июнь айында болуп, агент Medicare порталы жана башка мамлекеттик мекемелердин системаларына кирүүгө аракет кылган.

Ошол эле учурда жарандардын жеке медициналык маалыматтары ачыкка чыкпаганы маалымдалды. OpenAI окуя тууралуу август айында билген, ал эми Австралиянын бийлиги бул тууралуу сентябрда гана кабардар болгон.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе OpenAIден түшүндүрмө талап кылып, мындай окуялар жасалма интеллектти өнүктүрүүдө коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын көрсөтөрүн белгилеген.

Сенаттагы иликтөө OpenAI жана Anthropic компаниялары менен гана чектелбейт. Комиссия Австралияда жасалма интеллекттин өнүгүшүнө жана маалыматтарды иштетүү борборлорунун курулушуна байланышкан кеңири маселелерди да карайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар