27-сентябрда Кыргызстанда эки жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда биринчи жер титирөө саат 03:19да болуп, очогу Бишкектен 45 чакырым түштүктө жайгашкан. Күчү 3 баллга жеткен.
Экинчи силкинүү саат 07:42де ошол эле аймакта катталып, күчү 2,5 баллды түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.



