Башкы беткеКоомОшто мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү заманбап комплекс ачылды

Ошто мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү заманбап комплекс ачылды

Ош шаарында жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган жаңы заманбап комплекс пайдаланууга берилди.

Бүгүн Көкүм-Бий көчөсү, 194–195А дарегинде эки мамлекеттик мекемени бириктирген комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Жаңы комплекс Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча коюлган талаптарынын алкагында ишке ашырылды.

Объектти курууга жер тилкеси Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилип, курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын каражаттарынын эсебинен каржыланды.

Эки кабаттуу комплекс А жана Б блокторунан турат.

А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү жайгашкан. Бул жерде мамлекеттик кызматтар «бирдиктүү терезе» принциби боюнча көрсөтүлөт.

Атап айтканда, транспорт каражаттарын каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү кызматтары көрсөтүлөт. Ошондой эле унаа лабораториясы менен жабдылган техникалык кароо тилкеси, 60 орундуу күтүү залы жана 62 орундуу теориялык экзамен залы каралган.

Практикалык экзамендерди тапшыруу үчүн жалпы аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн заманбап автодром да курулду.

Ал эми Б блогунда «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борбору иш алып барат. Аянты 1 500 чарчы метр болгон борбордо 42 адис эмгектенип, күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Борбордун биринчи кабатында тейлөө залы, электрондук кезек системасы, эне жана бала бөлмөсү, касса жана паспорт берүү бөлүмү жайгашкан. Экинчи кабатта архив жана VIP-зал каралган.

Жаңы комплекс шаар тургундарына жана конокторуна бир жерде бир катар мамлекеттик кызматтарды тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзүп, калкты тейлөө сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар