Бишкектеги негизги көчөлөрдүн басымдуу бөлүгүндө коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер уюштурулат. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, 29-сентябрда Айтматов проспектисиндеги аялдамадан мэрияга автобус менен жетүүгө болжол менен 20 мүнөт кетиши керек болсо, жолдогу тыгындан улам сапар 45 мүнөткө созулган.
Вице-мэр тыгында көпчүлүк жеңил унааларда бир-экиден гана адам болгонун, ошол эле учурда 60ка жакын жүргүнчүсү бар автобус жолдо токтоп турганын белгиледи.
Алиевдин айтымында, мэрия коомдук транспорттун тыгында калбашын негизги максаттардын бири катары карап жатат. Ушуга байланыштуу автобустар үчүн атайын тилкелерди шаардын дээрлик бардык ири көчөлөрүнө киргизүү пландалууда.
Тактап айтканда, Абдрахманов, Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүндө, ошондой эле Жибек Жолу, Чүй жана Дэн Сяопин проспектилеринде автобустар үчүн атайын тилкелер толук уюштурулат.
Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер 2023-жылдан тарта киргизиле баштаган. Аталган тилкелерде башка унаалардын саат 07:00дөн 21:00гө чейин жүрүүсүнө тыюу салынат.
Мэриянын маалыматына караганда, учурда борбор калаанын көчөлөрүнө күн сайын 1200 автобус чыгат.



