Башкы беткеЭкономикаБишкекте таштандыны кайра иштетүүчү экинчи завод салынат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү экинчи завод салынат

Бишкекте таштанды өрттөөчү экинчи завод курулат. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери бир айдын ичинде башталат. Жаңы заводдун баасы 230 миллион долларды түзөт.
“Жабдууларга буйрутма берип жатабыз. Биринчи заводдун мешин Япониядан алып келгенбиз, ал эми экинчисине Швейцариядан заказ кылууну пландап жатабыз. Бул долбоор эмне үчүн 40 миллион долларга кымбат? Биринчиден, башка курулуш технологиялары колдонулат. Экинчиден, инфляциядан улам бардык тетиктер жана тетиктердин комплектилери кымбаттап кетти”, — деди Жунушалиев.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар