Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Өзбекстан аскердик кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Өзбекстан аскердик кызматташтыкты талкуулады

29-сентябрда Кыргызстандын Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Тараптар эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, аскер кызматчыларынын тажрыйба алмашуусу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана аскер кадрларын даярдоо маселелери каралды.

Ошондой эле Кыргызстанда өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу багытында аскердик байланыштарды мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар