Бишкектеги №100 кесиптик лицейде шамал энергетикасы боюнча жаңы окутуу борбору ишке кирди.
Борбордун ачылышы 28-сентябрда өтүп, ага Агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) президенти Абдуллах Эрен катышты.
Окутуу борбору Түркиянын колдоосу менен түзүлүп, заманбап жабдуулар жана лабораториялык стенддер менен камсыздалды. Анда окуучулар шамал энергетикасы боюнча теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүшөт.
Мындан тышкары, борбордо жумушсуз жарандар үчүн кыска мөөнөттүү окууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы борбор жашыл энергетика тармагына адистерди даярдоого жана кесиптик билим берүүдөгү практикалык окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.



