Кыргызстандын 2027-жылга карата республикалык бюджетинин долбооруна оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо, ошондой эле онкологиялык ооруларды дарылоого керектүү дары-дармектерди сатып алуу үчүн кошумча 1 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга каралган бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар сентябрь айынын ортосунда Финансы министрлигинде өткөн. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык коом жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышкан.
Талкуунун жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагын каржылоо, калкты дары-дармек менен камсыз кылуу, оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо, онкологиялык жардам көрсөтүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо, реабилитация жана социалдык тармактын башка багыттары боюнча маселелер көтөрүлгөн.



