Кыргызстандын Коргоо министрлигинде 29-сентябрда министрдин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу, полковник Рустам Ормокоев Улуу Британиянын коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри лорд Вернон Коакер менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Мындан тышкары, аскер кызматчыларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн англис тили курстарын уюштуруу маселелери каралды.
Жолугушуунун соңунда тараптар коргонуу тармагындагы эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.



