Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Гана алтын өндүрүү тармагында тажрыйба алмашат

Кыргызстан менен Гана алтын өндүрүү тармагында тажрыйба алмашат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-октябрда Ганага болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды.

Жолугушууда Ганада чакан көлөмдөгү алтын өндүрүүнү борборлоштуруу, алтынды өлкө ичинде милдеттүү түрдө аффинаждан өткөрүү жана баалуу металлдарды алтын-валюта резервдерине интеграциялоо боюнча тажрыйба талкууланды.

Кулубаев өз кезегинде Кыргызстандын стратегиялык минералдык ресурстарды башкаруу тажрыйбасы, анын ичинде «Кумтөр» кенин улутташтыруу тарыхы тууралуу маалымат берди.

Тараптар алтындын жүгүртүлүшүн мамлекеттик көзөмөлдөө, контрабандага каршы күрөшүү жана баалуу металлдардын келип чыгышын санариптик көзөмөлдөө боюнча тажрыйба алмашууну талкуулашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар