Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда 20 жаңы билим берүү объектиси пайдаланууга берилди

Кыргызстанда 20 жаңы билим берүү объектиси пайдаланууга берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан жалпы билим берүү мектебинин, ошондой эле №16 онлайн-мектептин жана үч бала бакчанын ачылыш аземине катышты.

Бүгүн республика боюнча жалпысынан 20 жаңы билим берүү объектиси — 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди. Алар Бишкек жана Ош шаарларында, Манас, Ноокен, Тоң, Алай жана Айтматов райондорунда курулган. Бишкек шаарында 10 мектеп жаңы окуу жай катары ишке киргизилди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев билим берүү тармагына салынган инвестиция өлкөнүн келечегине багытталганын белгиледи.

«Биз жол курабыз. Ишканаларды ачабыз. Ири долбоорлорду ишке ашырабыз. Экономиканы өстүрөбүз. Бюджетти көбөйтөбүз. Бирок мунун баарын эртең ким улантат? Бүгүн ушул мектептердин партасында отурган балдарыбыз улантат!»

Ал акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылганын жана окуу китептеринин маселесин чечүүгө 8,5 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканын белгилеп, бүгүн биринчи класска барган балдар 2038-жылы мектепти аяктай турганын айтты.

«Биз бүгүн мектепти өзгөртүү менен — 12 жылдан кийинки Кыргызстандын өзгөрүүсүнө шарт түзүп жатабыз», — деди Адылбек Касымалиев.

Сөзүнүн соңунда ал мектеп окуучуларын талыкпай билим алууга үндөдү. Кыргызстанда биринчи улуттук спутниктин космоско чыгарылышын мисал келтирип, өлкөнүн жаштары келечекте илим-билимдин жана жаңы технологиялардын өнүгүшүнө салым кошоруна ишеним билдирди.

«Бүгүн Кыргызстандын спутниги космоско чыкса, эртең Кыргызстандын уул-кыздары космоско учушу керек! Мугалим билим берет. Бирок силердин ордуңарга эч ким окуп бере албайт!», — деди МинКаб Төрагасы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар