Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен ЕРӨБ инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан менен ЕРӨБ инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана банктын Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен ЕРӨБдүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана артыкчылыктуу багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Адылбек Касымалиев Кыргызстанда социалдык мааниси жогору долбоорлорду колдоп, ишке ашырып жаткандыгы үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирди. Ал акыркы жылдары экономикада оң динамика сакталып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түзсө, 2026-жылдын сегиз айында ички дүң продукциянын (ИДП) реалдуу өсүшү 11,0%га жетти. Экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтары катары курулуш, өнөр жай жана тейлөө чөйрөлөрү белгиленди.

Тараптардын сүйлөшүүсүндө Камбарата ГЭС-1ди куруу долбооруна, ошондой эле башка инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. ЕРӨБдүн Борбордук Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Камбарата ГЭС-1 долбоорунун аймактык маанисине токтолду.

Ошондой эле ЕРӨБ Кыргызстанда, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында инфраструктуралык долбоорлорду мындан ары колдоого жана ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштүктү чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар