Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан төрт учак сатып алууну көздөөдө

Кыргызстан төрт учак сатып алууну көздөөдө

Кыргызстан төрт учак сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Минкаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылган.

Өкмөт башчы учурда эки орто магистралдык жана эки турбовинттүү учак сатып алуу менен өлкөнүн авиациялык паркын кеңейтүү каралып жатканын белгилеген.

“Үстүбүздөгү жылдын өзгөчө жетишкендиктеринин бири – Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигинин Авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен чыгарылышы болду. Өлкөбүз дээрлик 20 жыл бою турган бул тизмеден чыгарылыш ата мекендик жарандык авиациянын тарыхындагы маанилүү жетишкендик болуп, тармактын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты”, – деди ал.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар