Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандын бюджети 9 айда 608,1 млрд сомду түздү

Кыргызстандын бюджети 9 айда 608,1 млрд сомду түздү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрүп, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгү жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөнүн билдирди.

Бул мезгилде казынага 608,1 млрд сом киреше түшүп, план 103,9%га аткарылды жана белгиленген көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп жыйналды. Анын ичинен Мамлекеттик салык кызматы 259,8 млрд сом (план 103,6%), ал эми Мамлекеттик бажы кызматы 139,0 млрд сом (план 104,6%) киреше камсыздады. Кабмин башчысы жыл аягына чейин ушул оң динамиканы сактоо менен бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана натыйжалуу өздөштүрүүнү тапшырды.
Кеңешмеде ошондой эле өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулаганы белгиленди. Эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын кредиттик рейтингин «B3» деңгээлинен «B2» деңгээлине жогорулатты. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында түз чет элдик инвестициялардын агымы 26,2%га өсүп, 709,9 млн АКШ долларын түздү.
Ал эми туризм тармагындагы дүң кошулган нарк 26,7%га көбөйүп, 34,1 млрд сомго жетти. Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев жерлерди трансформациялоодогу мүчүлүштүктөрдү сынга алып, трансформацияланган 67 миң гектар жердин пайдаланылбай жаткан 24 миң гектарын толук инвентаризациялоону жана санариптик каттоого алууну тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар