Башкы беткеМинистрлер кабинетиМаанилүү дары-дармектердин улуттук тизмеси бекитилди

Маанилүү дары-дармектердин улуттук тизмеси бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026–2028-жылдарга жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмектерин бекитти.

Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ калктын медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Токтомго ылайык, бекитилген тизмектерди ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга, ошондой эле кийинки жылдарга каралган бюджеттик каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.

Жаңы улуттук тизмектер 2026–2028-жылдар аралыгында медициналык жардам көрсөтүүдө тиешелүү дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды аныктоого негиз болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар