Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Улуу Британия БУУнун Коопсуздук Кеңеши боюнча пикир алышты

Кыргызстан менен Улуу Британия БУУнун Коопсуздук Кеңеши боюнча пикир алышты

Бишкекте Кыргызстан менен Улуу Британиянын тышкы иштер ведомстволорунун өкүлдөрү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартибиндеги маселелер боюнча консультация өткөрүштү.

Министрликтен билдиргендей жолугушуу 7-октябрда болуп, анда тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде Коопсуздук Кеңешинин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнө даярдыгы жана Кеңешке мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар БУУнун алкагында мындан ары да конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар