Башкы беткеМинистрлер кабинетиКлиматтык туруктуулук жана жаратылышты коргоо - улуттук саясаттын маанилүү багыты

Климаттык туруктуулук жана жаратылышты коргоо – улуттук саясаттын маанилүү багыты

Кыргызстандын климаттык туруктуулугу жана жаратылышты коргоо маселелери өлкөнүн улуттук өнүктүрүү саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн мөңгүлөрүнүн абалы суу ресурстарынын келечегин аныктаса, суу ресурстары айыл чарба жана энергетика тармактарынын мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз таасир этет. Ал эми жер жана жайыттардын абалы азык-түлүк коопсуздугуна жана айыл жериндеги үй-бүлөлөрдүн кирешесине байланыштуу.

“Кыргызстандын тоолуу өлкө макамы өзгөчө мааниге ээ”, – деди Эрлист Акунбеков.

Ал белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстан тоолуу аймактардын өнүгүүсүнө байланышкан эл аралык күн тартибин ырааттуу илгерилетип келет.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023–2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялаган. Ошондой эле 2027-жылы Бишкекте «Бишкек+25» экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргызстан үчүн тоолуу өлкөлөрдүн үнүн эл аралык деңгээлде күчөтүү жана конкреттүү сунуштарды алдыга жылдыруу маанилүү экенин белгиледи.

“Кыргызстан климат, мөңгүлөр, суу, биологиялык ар түрдүүлүк, азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу өнүгүү маселелерин тоолуу аймактарга байланышкан күн тартибинин алкагында айкалыштыра алат”, – деди ал.

Кыргызстан эл аралык климаттык жана экологиялык форумдарга катышат

Эрлист Акунбеков жакынкы мезгилде эл аралык коомчулук Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү конвенциянын Тараптар конференциясына катышуу үчүн Ереванга, андан соң БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндөгү алкактык конвенциясынын Тараптар конференциясына катышуу үчүн Антальяга чогуларын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан аталган эл аралык форумдарга улуттук кызыкчылыктарын так аныктап, конкреттүү сунуштар менен барышы керек.

“Бүгүнкү диалогдун практикалык мааниси дал ушунда”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасынын орун басары.

Белгилей кетсек, иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыктын жыйынтыкталышына, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча алдыда өтө турган эл аралык конференцияларда Кыргызстандын позициясын даярдоо процессине байланыштуу уюштурулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар