Башкы беткеМаданиятКаппадокияда ТҮРКСОЙдун IX Аялдар жана этно-мода жумалыгы уланды

Каппадокияда ТҮРКСОЙдун IX Аялдар жана этно-мода жумалыгы уланды

2026-жылдын 9-октябрында Түркиянын Каппадокия аймагындагы Үргүп шаарында Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан уюштурулган IX Аялдар жана этно-мода жумалыгынын алкагындагы иш-чаралар уланды.

«Жибек жолундагы ТҮРКСОЙ» аттуу эл аралык маданий долбоордун алкагында Каппадокиянын кооз тарыхый жайларында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдерин даңазалаган атайын фотосессия уюштурулду. Анда түрк элдеринин салттуу кийимдеринин көркөмдүгү, маданий мурастарынын байлыгы жана өзгөчөлүктөрү чагылдырылды.

7-октябрда Анкара шаарында салтанаттуу ачылган этно-мода жумалыгынын программасы Түркиянын эң белгилүү тарыхый-маданий жана туристтик аймактарынын бири болгон Каппадокияда уланды.

Эл аралык долбоорго түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн жана аймактарынан 20 дизайнер катышып, улуттук каада-салттарды заманбап мода багыттары менен айкалыштырган коллекцияларын тартуулашты.

Иш-чарага Кыргызстандын атынан Нуржамал Асангулова, Залкарбек Аскаралы уулу, Татьяна Воротникова жана Асель Калканова катышты. Алардын коллекцияларында кыргыз элинин улуттук кийимдеринин өзгөчөлүктөрү, салттуу кол өнөрчүлүк мурастары жана заманбап дизайнердик чечимдер чагылдырылган.

Каппадокиянын кайталангыс жаратылышынын жана тарыхый эстеликтеринин фонунда уюштурулган фотосессия түрк элдеринин улуттук кийимдерин жаңыча өңүттө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле алардын көркөмдүк баалуулугун, өзгөчөлүгүн жана кылымдардан бери сакталып келген маданий салттар менен болгон байланышын даңазалады.

Мындай иш-чаралар түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга, улуттук дизайнерлерди колдоого, ошондой эле маданият жана искусство тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар