Башкы беткеПрезидентКызыл-Кыяда 33 млрд сомдук эки ири долбоор пландалууда

Кызыл-Кыяда 33 млрд сомдук эки ири долбоор пландалууда

Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу эки ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралууда.

Алардын биринчиси — 13 гектар жерге транспорттук-логистикалык комплекс куруу. Долбоордун жалпы наркы 3 млрд сомду түзөт. Анын алкагында 5 миң жумуш ордун түзүү пландалууда.

Экинчи долбоор — 71 гектар аянтта жаңы кичи район куруу. Анын алдын ала эсептелген наркы 30 млрд сомду түзөт.

Президент Садыр Жапаров белгиленген демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга, ошондой эле Кадамжай районунун жана Кадамжай шаарынын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар