Башкы беткеДүйнөРоссияда аюулардын кол салуусунан 26 адам каза болду

Россияда аюулардын кол салуусунан 26 адам каза болду

Россияда ушул жылдын жаз айларынан бери күрөң аюулардын кол салуусунан кеминде 26 адам каза тапты. Бул тууралуу Kazinform агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, август айынан тартып жапайы аюулар калктуу конуштарга көбүрөөк жакындай баштаган. Мындай учурлар Красноярск аймагында, Бурятияда, Хакасияда, Тывада, Алтай Республикасында, Кузбасста жана Сахалинде катталууда.

Адистер аюулардын адамдар жашаган аймактарга жакындашынын себептеринин бири катары токойлордо азык-түлүктүн жетишсиздигин белгилешет. Азык издеп конуштарга келген жаныбарлар адамдарга кол салуу коркунучун күчөтүүдө.

Мамлекеттик мониторингдин маалыматына ылайык, акыркы 30 жылда Россияда күрөң аюулардын саны эки эседен ашык көбөйүп, 300 миңге жеткен.

Ушуга байланыштуу Россия өкмөтү күрөң аюулардын санын жөнгө салуу боюнча чаралардын комплексин даярдап жатат. Анын максаты — адамдардын жана жапайы жаныбарлардын коопсуз жашоосун камсыз кылуу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар