Башкы беткеКоомБалдардын майыптыгын аныктоо тартиби өзгөрдү

Балдардын майыптыгын аныктоо тартиби өзгөрдү

Кыргызстанда медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) ишин реформалоонун алкагында балдардын майыптыгын аныктоо жана кайра күбөлөндүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова билдирди.

Жаңы тартипке ылайык, айрым категориядагы балдарга майыптыкты белгилөө мөөнөттөрү өзгөртүлдү.

Даун синдрому бар балдарга алгачкы экспертизада кайра күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн, 18 жашка чейин майыптык белгиленет.

Аутизмдин жеңил даражасы бар балдарга майыптык беш жылдык мөөнөткө белгиленет.

Аутизмдин оор даражасы бар балдарга 18 жашка чейин кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүсүз майыптык белгиленип, бойго жеткенде майыптык тобу мөөнөтсүз аныкталат.

ВИЧ/СПИД диагнозу бар айрым балдарга, инфекцияны ятрогендик жол менен жуктуруп алганы тастыкталса, 18 жашка толгондо «бала кезинен бери» деген негизде II топтогу майыптыкты мөөнөтсүз белгилөө каралган.

Мындан тышкары, соттолгон энелерден жаза өтөө жайларында төрөлгөн, тубаса өнүгүү кемтиктери же тукум куума оорулары бар балдарды МСЭКте күбөлөндүрүүнүн тартиби да киргизилди.

Ошондой эле жарандарды медициналык-социалдык экспертизадан онлайн форматта өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Өзгөртүүлөр майыптыкты аныктоо жана кайра күбөлөндүрүү жол-жоболорун өркүндөтүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар