Башкы беткеКоомБаткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды

Баткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды

Баткенде жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатуу максатында продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды. Борбор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун базасында «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун алкагында түзүлдү.

Ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева баштаган жергиликтүү жетекчилер жана өнөктөштөр катышты. Борбор «Бир айыл — бир продукт +1» коомдук бирикмеси менен окуу жайдын кызматташтыгынын негизинде уюштурулган. Анда жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү окутуу, жаңы продукцияларды иштеп чыгуу, товарлардын сапатын жакшыртуу жана аларды кеңири жайылтуу багытында иштер жүргүзүлөт.

Борборго Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен керектүү жабдуулар берилди.

Мындан тышкары, «Бир айыл — бир продукт» коомдук бирикмеси АРИС менен биргеликте «Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун» алкагында аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу багытында иш алып барууда.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар