Бишкектин Ленин, Октябрь жана Биринчи Май райондорунда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын чогулуштары өттү.
13-октябрда Ленин районундагы № 106 муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында өткөн жыйынга 178 тургун катышып, алардын кызыкчылыгын курултайда коргой турган 14 делегат шайланды.
Октябрь районундагы № 405 муниципалдык аймактык башкармалыгында 72 тургун катышкан чогулуш өтүп, 25 өкүл шайланды.
Ал эми Биринчи Май районундагы № 207 муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында 80 тургундун катышуусунда жыйын өтүп, анын жыйынтыгында 6 делегат тандалды.
Делегаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.



