Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйындан кийин делегация башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүлчамбар коюшту.
Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлери Чолпон-Ата шаарын жашылдандыруу иш-чарасына катышып, көчөттөрдү отургузушту.




