Башкы беткеМаданиятТашкентте эл аралык театр фестивалы өтүүдө: Кыргызстан да катышууда

Ташкентте эл аралык театр фестивалы өтүүдө: Кыргызстан да катышууда

13–20-октябрь күндөрү Ташкент шаарында «Сердца четырёх — мост дружбы» аттуу эл аралык театр фестивалы өтүп жатат. Ага Өзбекстан, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын театр жетекчилери менен башкы режиссёрлору катышууда.

Фестивалдын алкагында театр спектаклдери көрсөтүлүп, сахна чеберлери үчүн практикалык мастер-класстар жана заманбап театрлардын репертуар саясаты боюнча талкуулар уюштурулууда.

Фестивалдын расмий ачылышы 14-октябрда Өзбекстандын Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында өттү. Ачылыш аземинде театрдын актёрлору «Маскарапоз шоу» программасын тартуулашты.

Ошол эле күнү Ташкенттеги Орус үйүндө театр адистеринин катышуусунда заманбап репертуар саясаты боюнча панелдик талкуу болду. Ага Россиянын алдыңкы театр сынчылары да катышууда.

Кыргызстандын атынан Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Сергей Бардаков фестивалга катышып жатат.

Иш-чара театр искусствосунда тажрыйба алмашууга, кесиптик байланыштарды чыңдоого жана өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар