2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз жыйынында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын август айында өлкөдөгү ишканаларда жана уюмдарда орточо айлык акы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 28,7 пайызга өскөн.
Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын алгачкы жети айындагы жылдык инфляция 12 пайызды түзгөн. Инфляцияны эске алганда, айлык акынын реалдуу өсүшү болжол менен 17 пайызды түзөт.
Белгилей кетсек, орточо номиналдык айлык акы — салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү кармала электеги эсептелген сумма. Демек, кызматкерлердин колуна алган акчасы мындан аз болот.



