Башкы беткеМаданиятЗалкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт

Залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт

2026-жылдын 29-октябрында Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт.

Иш-чаранын максаты — манасчынын өмүр жолун жана чыгармачылык мурасын даңазалоо, улуттук маданий баалуулуктарды сактоо жана аларды келечек муунга жеткирүү.

Эскерүү кечеси «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда.

Иш-чара саат 11:00дө башталат. Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 251.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар