Башкы беткеМаданиятЗалкарлардын диалогу

Залкарлардын диалогу

2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык, Лев Толстойдун 200 жылдык мааракеси бирге белгиленет. Тагдырдын иши, эки залкардын мааракеси бир жылга туш келип отурат. Эки улуу инсандын мааракелерин Кыргызстан менен Россия бирге өткөрө турганы маалым болду. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана Лев Толстойдун 200 жылдыгына арналып, эки өлкөдө биргелешкен иш-чаралар өткөрүлөрүн Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинде билдирген. Эң сонун. Дүйнөдө эки залкардын мааракесин бирге белгилөө практикасы сейрек. Албетте, бул эки мааракени бирге, чогуу жана эки өлкөдө бирдей белгилөө Кыргызстан менен Россияны дагы жакындата турганы анык. Андан тышкары, Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын 9-октябрда Түркмөнстанда өткөн кеңешмесинде 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата КМШ алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Юбилейлик иш чаралар өз нугу менен даярдала бермеги турулуу деңизчи. Буюрган шартта буйруктуу изги ишти аркалап, кол кабыш кылабыз. Арийне, бизди бир изги ой жетелеп турат. Окурман бизсиз эле Толстойду да, Айтматовду да өзү окуп, өзү аңдап, өзү түшүнүп, өзү баалап алмагы анык. Ошентсе да эки залкардын диалогун түзүп чыгуу идеясы жаралып, маңдайда калдайып туру. Ушул идея эки генийдин ойлорун маек түрүндө кайра бир жаңыртып баяндаганга чакырып туру.

Ортосунда бир кылым, бири мындан эки кылым илгери, бири кылым мурда жаралган залкарлар эми бүгүн маңдай-тескей маек курмагы кызык. Адилеттик үчүн айталы, жаңы көрүнүш эмес, асыресе адабиятта кездешкен көрүнүш. Диалог сквозь веков. Бул орус тилдүү адабиятта байма-бай колдонулган сөз айкашы. “Кыргыз Туусу” гезити быйыл ала жаздан тартып улуу инсандар менен маек уюштуруп, кыргыз публицистикасына жаңы жанр киргизгени анык. Мисалы, биздин гезитте Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Мукай Элебаев менен интервьюлар адегенде окурмандарда собол жаратып, анан кызыгуу пайда болуп, эми талап кыла башташты. Бул тарыхый инсандар менен биздин маектер. Замандаш инсандардын маеги, диалогу турулуу нерсе. Боло келген, болмогу анык. Асыресе, Толстой да, Айтматов да замандаш ойчулдар менен баарлашкан, кат алышкан, калем учу менен кармашкан, кайсы бир маселенин тегерегинде пикир алышкан. Алардын дээрлик баары жарыяланып, эми элдин энчиси, журттун акыл байлыгы. Арийне, эки башка доордо жашаган улуу инсандардын эми кезигип, бет маңдай баарлашканы – жаңы нерсе, жаңы табылга, жаңы көрүнүш. Жаңы дегенибиз шарттуу аныктама. Анткени, улуу инсандарды ар бирибиз ар кандай шартта кыялыбызда, оюбузда же акыл түйшүгүбүздө бет маңдай кезиктирип, кадимкидей маектештирип, баарлаштырып, жолуктурмайыбыз бар. Мындай диалог ар кимдин дүйнөтаанымында боло бермеги анык универсал көрүнүш. Чыгармалар да бар. Мисалы француз саясий ишмери Морис Жоли жазган “Макиавелли менен Монтескьенун тозоктогу маеги” (французча оригиналында – Dialogue aux enfers entre Machiavel et Montesquieu ou la politique de Machiavel au XIXe siècle) деген саясий памфлет көпчүлүккө белгилүү. Быйыл Астанада “Чыгыштын улуу ойчулдары Аль-Фараби менен Конфуцийдин диалогу” деген скульптуралык композиция ачылды. Былтыр 9-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейинде “Айтматов джана Толстой: кылым карыткан баарлашуу” аттуу фотокөргөзмө ачылган. Ошентип, башка мезгилде жашаган залкарларды кезиктирүү идеясы илгертен бери келе жатат. Кезиктирүүнүн форматы ар түрдүү. Доорлору башка генийлерди сүйлөштүрүү абдан жаңы болбосо да, сейрек кездешкен жанр. Бирок кыргыз адабиятында алгачкысы, төл башы болмокчу.

Кыялданып көрөлү, фантазия – улуу нерсе. Керемет нерсе. Далай убакытты алган, дараметти талапп кылган акыл түйшүк. Ойлонто турган чоң иш.

Толстой менен Айтматов экөөнүн баарлашуусу кандай болмок? Эки башка доордо жашаган эки залкарды эмне бириктирет, кандай ойлор түйшөлтөт? Бир эле көрүнүштү алар кандай кабылдап, кандай баалаган? Айтматов менен Толстойдун диалогу эмне тууралуу болмокчу? Айталы, Толстой өзү Анна Каренина тууралуу кандай ойдо, Айтматов Жамийла жөнүндө не дейт? Толстой Айтматовдун Каранары, Гүлсараты, Акбара менен Ташчайнары, Үкүсү ж.б. жөнүндө ой толгоолору кандай болмок? Айтматов манкуртун Толстойго кандай керемет кеп кылып берет эле? Толстойдун автобиографиялык романындагы бала, өспүрүм жана боз улан, Айтматовдун чыгармаларындагы Бала, Сейит, Кириск жана Султанмурат. Булар тууралуу не дейт кайран залкарлар? Экөөндө тең согуш темасы бар, согуш жана тынчтык маселеси алардын улам бир чыгармасында түрдүү өңүттө келемине келиштире сүрөттөлгөн. Бирок “Война мир” романында Толстойдун каармандары ок атып, мылтык кармап чуркап жүрөт, өзү Севастополь салгылашында катышкан. Айтматов жана анын каармандары согуш менен майдан талаасында болбосо да, оорукта туруп маңдай-тескей кездешет. Лев Толстой тээ Петр I доорунан тартып ак сөөк дворян тукуму, православ чиркөөсүнүн жемесине калганы болбосо, не атасы, не өзү бийликтен куугунтук жеген эмес. Баса, чиркөө менен мамилеси суук-салкын болсо да насили христиан Толстой Чынгыздын “Кыяматы” тууралуу не дейт? Чынгыз Айтматов жаңы доордо Кыргыз мамлекетин калыбына келтирген кайран муундун көрүнүктүү өкүлүнүн уулу, репрессиянын, согуштун баласы. Согуш, диалог демекчи, Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестиндеги киши эне Толгонай менен Жер-Эненин диалогундагы философиянын тереңдигин Толстой кантип баамдабай, баалабай коймок.

Адамзатты алмустактан бери түйшөлткөн маселелер, адамдын адам болмогу, моралдык тандоо менен пендечиликтин катышы, жана абийир, ар-намыс проблемалары алардын каармандарын да ойлонткон. Экөөндө тең окшош каармандар, үндөш образдар бар. Лев Толстой орус токою менен Ясная Полянасын кеп кылчуда, Чынгыз Айтматов Ала-Тоону, Шекерин, Күркүрөөсүн төкчүдө не деген гана ойлор айтылбаган…

“Кыргыз Туусу” гезитинин баяндамачысы, азыркы кездин мыкты журналисти Курманбек Мамбетов менен бирге, “Ынтымак Ордонун” кубаттоосу алдында, Лев Толстой менен Чыңгыз Айтматовдун диалогун түзүүнү болжоп турубуз. Акыл калчап, үңүлө тиктеп, кайрадан окуп, издене баштадык. Мааракеге салым катары, окурмандын акыл куржунуна кошумча катары,  эки залкардын диалогун гезитке баяндама,  өзүнчө китеп түрүндө эл-журтка тартууласакпы деген изги ойдобуз.

 

Алмаз Кулматов, башкы редактор

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар