Кыргызстандын борбору Бишкек 2027-жылы саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң популярдуу багыттардын рейтингинде биринчи орунга чыкты. Тизмени Falstaff Travel журналы Skyscanner эл аралык туристтик платформасынын изилдөөсүнүн негизинде жарыялады.
Журналдын маалыматына ылайык, Бишкекке авиабилеттерди издегендердин саны 501%га өскөн. Ушул көрсөткүчтүн негизинде кыргыз борбору рейтингде алдыга чыккан.
Falstaff Travel Бишкекти Теңир-Тоонун бийик тоолоруна саякаттоонун баштапкы чекити катары сүрөттөп, бул аймакта жөө жүрүштү жактыргандар үчүн алыскы тоо жолдору жана табигый кооздугу сакталган жерлер бар экенин белгилеген.
Ошондой эле туристтер кыргыз элинин көчмөн маданиятынын кылымдарды карыткан салттары менен тааныша алары айтылган. Журналдын авторлору Бишкекке болгон кызыгуунун өсүшүнө Британиянын BBC телеканалындагы «Race Across the World» («Дүйнө жүзүн кыдырып жарыш») саякат көрсөтүүсүндө шаардын көрсөтүлүшү да таасир эткен болушу мүмкүн деп эсептешет.
Рейтингде экинчи орунду авиабилеттерди издөө көрсөткүчү 186%га өскөн Египеттин Хургада шаары, үчүнчү орунду 103% өсүш менен Швециянын Мальмё шаары ээледи.
Алдыңкы ондукка Италия, Греция, Кытай, Вьетнам, Кабо-Верде, Финляндия жана Гватемаланын туристтик багыттары да кирди.
Белгилей кетсек, быйыл август айында Кыргызстан Much Better Adventures платформасы түзгөн жалгыз саякаттагандар үчүн укмуштуу окуяларга бай эс алуу сунушталган өлкөлөрдүн рейтингинде да биринчи орунду ээлеген.



