Башкы беткеКоомБишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет

Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет

Бишкекте «АгроТехЭкспо – 2026» жана «Алтын күз» көргөзмө-жарманкелерине байланыштуу 21–25-октябрь күндөрү айрым көчөлөр убактылуу жабылат.

Чектөөлөр төмөнкү тилкелерде киргизилет:

  • Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүндө — Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Эски аянтта — Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин;
  • Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасында.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин эски имаратынын аймагында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.

Көргөзмө-жарманкелер 23–25-октябрь күндөрү өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар