2026-жылдын 22-октябрында Бишкектин айрым аймактарында саат 09:00дөн түнкү 00:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы маалымдады.
Суу берүү «ХБО» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакты камтыйт: Шабдан Баатыр, Субан Ата, Анкара, Молдокулов, Ахунбаев, Куйручук жана Курманжан Датка көчөлөрү, Чыгыш Чоң Чүй каналы жана Аламүдүн суусу менен чектешкен аймактар.
Суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт.
Муниципалдык ишкана тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.



