Башкы беткеКоомБишкекте социалдык тармактын кызматкерлери сыйланды

Бишкекте социалдык тармактын кызматкерлери сыйланды

Бишкекте Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата социалдык тармактын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттуу иш-чара 19-октябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, иш-чарага мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Өмүркан Ашанбаева катышты.

Рахат Мусаева социалдык кызматкерлердин эмгеги коом үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Алар улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, балдарга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп келишет.

Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн кызматкерлерге Бишкек мэриясынын ыраазычылык каттары жана ардак грамоталары тапшырылды. Салтанат маданий программа менен коштолуп, конокторго «Атанын тагдыры» спектакли көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкектин социалдык өнүктүрүү тармагында 15 муниципалдык мекеме иштейт. Аларда 691 кызматкер эмгектенет, анын 108и социалдык кызматкерлер. Алар жалгыз жашаган пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйүнөн жардам көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык коштоого алышат.

Жыл сайын борбор калаанын 59 миңден ашуун тургуну социалдык жардамдын 20 түрүн алат. Бул максатта шаардык бюджеттен 200 миллион сом бөлүнөт. Ал эми социалдык өнүктүрүү тармагын каржылоонун жалпы жылдык көлөмү 823,8 миллион сомдон ашат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар