Башкы беткеМинистрлер кабинетиШКУ өлкөлөрү жүк ташуу жана инвестиция боюнча документтерге кол коюшту

ШКУ өлкөлөрү жүк ташуу жана инвестиция боюнча документтерге кол коюшту

Кыргызстан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 20-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйынына катышты. Жыйын тар жана кеңири курамда өттү.

Амангелдиев өз сөзүндө Бишкек саммитинин алкагында 28 документ кабыл алынып, ШКУнун институционалдык реформасы жана укуктук негиздери бекемделгенин белгиледи.

Ошондой эле соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу ишке ашыруунун маанисине токтолду. Ал товар ташууну тездетүү, транспорттук чыгымдарды кыскартуу, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун алкагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү жана Ысык-Көлдөгү «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагын өнүктүрүү маселелерин белгиледи.

Мындан тышкары, ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү сунуштары айтылды. Амангелдиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен маданий иш-чараларды даярдоону да сунуштады.

Жыйындын жыйынтыгында тогуз документке кол коюлду. Алардын катарында жыйындын биргелешкен коммюникеси, 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планы, ШКУнун 2027-жылга бюджети, мультимодалдык жүк ташуулар үчүн санариптик платформаны түзүү концепциясы жана өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлордун маалыматтар банкын жөнгө салган документ бар.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу, 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы, туруктуу органдардын котормо кызматы жана кызматкерлеринин акчалай камсыздоосу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар