Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен ЕЭК өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен ЕЭК өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

20-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян менен жолугушту.

Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери талкууланды.

Эрлист Акунбеков ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, агроөнөр жай тармагындагы кызматташтык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Гоар Барсегян Кыргызстандын өндүрүш тармагын жана агрардык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого ЕЭК даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорун тандоо жана аларды ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар