21-октябрдан тартып Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө (мурдагы Муромская көчөсү) жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мэриянын маалыматына караганда, № 6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу каттап, № 4 шаардык ооруканасына кирбей өтөт. Ошондой эле № 18 жана 23-автобустардын каттамдарынын схемасы убактылуу өзгөрөт.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттун каттамдарындагы өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.



