Башкы беткеМаданиятКМШ мейкиндигиндеги музейдик демилгелер аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө

КМШ мейкиндигиндеги музейдик демилгелер аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө

Кыргызстандын музей мекемелеринин жетекчилери Беларусиянын Минск жана Несвиж шаарларында өтүп жаткан «КМШ мейкиндигиндеги музейдик демилгелер» аттуу II эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.

2026-жылдын 20–22-октябрында уюштурулган иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган.

Конференциянын алкагында КМШга мүчө мамлекеттердин музей тармагындагы өкүлдөрү музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, ошондой эле заманбап технологияларды жана жаңы ыкмаларды киргизүү маселелерин талкуулашууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар музей тармагындагы ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүп, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, музейлердин коомдогу ролун жогорулатуу жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар