Башкы беткеПрезидентБалдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге өскөнүн биринчи айым белгиледи

Балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге өскөнүн биринчи айым белгиледи

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салууга арналган дүйнөлүк саммитке катышып, өлкөдө балдар онкологиясын өнүктүрүү жана оорулуу балдарды дарылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз сүйлөдү.

Ал акыркы жылдары Кыргызстанда онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын белгиледи. Ошондой эле, 2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жилик чучугун трансплантациялоо операциясы жүргүзүлгөнүн маалымдады. Бул жетишкендик балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамды өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири катары белгиленди.

Самаркандда өткөн дүйнөлүк саммитке Өзбекстан, Албания, Зимбабве, Ливан, Пакистан жана Түркиянын биринчи айымдары да катышты. Эл аралык иш-чаранын жүрүшүндө балдардын бакубаттуулугун камсыз кылуу, ден соолугун чыңдоо, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана социалдык колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Саммит балдардын жашоо сапатын жакшыртуу, алардын укуктарын коргоо жана келечеги үчүн инвестиция салуу багытында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар