Сузак районунда өнөр жай тармагына 880 млн сом инвестиция тартылып, 70 жумуш орду түзүлө турган гипсокартон чыгаруучу завод курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышуу учурунда маалымдады.
Мындан тышкары, 225 млн сом инвестиция тартылып, 30 жумуш орду түзүлгөн мунайды кайра иштетүү ишканасы курулду.



