Бу макалада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында жазуучу Айбек Абдылдаевдин “От кечкен 30 күн” аңгемесиндеги образдар тууралуу кеп болот.
Жаш жазуучу Айбек Абдылдаевдин өзүнчө жыйнак болуп чыккан китебиндеги “От кечкен 30 күн” аңгемесиндеги (Бишкек, 2021) образдар кыргыз адабияты үчүн жаңы көрүнүш. Туура, өмүр менен өлүмдүн, жамандык менен жакшылыктын, абийир менен арамдыктын, ар-намыс менен жүзүкаралыктын, мекенчилдик менен чыккынчылыктын, айтор ак менен каранын кармашы эзелки тема. Бул аңгемеде ошол тема башкы проблема. Бирок, жазуучунун аңгемесинде диндин атын жамынган согуш, согуштагы кыргыз жигитинин тагдыры, кыргыз айылындагы баёо кыргыз уланын Сириядагы жанкечтилердин согушуна азгырган террорист, уулун миңдеген чакырым алыстагы майдандан куткарам деп издеген ата биринчи ирет көркөм чыгарманын кейипкери болуп отурат. Дароо айталы, аңгеме реалисттик баян, XXI кылымдын башында кыргыз эли туш болгон коркунучту чагылдырган көркөм чыгарма. Коркунуч анык. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков БУУнун 29-июнда Нью-Йоркто өткөн контртеррористтик жыйынында 2021-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта 551 кыргыз жараны, анын ичинде 150 аял, 320 бала Мекенине кайтарылганын билдирген (https://24.kg/a/1017073). Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жаткан репатриация программасы аркылуу кайтарылгандардын көбү аялдар менен балдар, анткени кыз-келиндер Сириядагы согушка ар кандай жолдор, туркүн амал менен азгырылып барып, жанкечтилердин арасында колдон колго өтүп, улам бир согушкерге нике кыйылып, анысы айнып кетсе талак кылып, айтор алар күң, жанкечтилер эрмектеген сексуалдык оюнчук. Ар кимден төрөп алган балдарынын бейырыс балалыгы ошол азапртуу лагерлерде, майдан талаасында өтүп, бала чоң кишигиге, киши жанкечтиге же мусапырга айланат деп сүрөттөйт автор (54-б.). Эптеп качып чыккандары качкындар лагерлеринде өлбөстүн күнүн көрүп келишет. Ал эми жигиттер болсо жихадчы, курал кармап, террористтик топтордун арасында согушуп жүрөт. Алардын бирин-серини эле болбосо, көбү кайтпайт, кайткысы да жок, жедеп радикалдашып, биротоло жанкечтиге айланган.
“Бозоргон талаанын эркин жели камгактарды туш келди учуруп, арттагы алааматтын илебин алып келүүдө. Аба ыш жыттанат” (А. Абдылдаев. От кечкен 30 күн. –Б. 2021. 53-б). Аба ыш эле эмес, кан жыттанат, каргаша жыттанат. Ангеменин башында эле автор кан төгүлгөн, миндеген адамды азапка салган согушка айла-амал менен айдалган жаш уландар менен кыздар туш болгон тозок, ата жана бала тушуга турган трагедияны дароо туюнтат. Бейишке чыгам деп барып, тозокко түшкөндөрдүн трагедиясы. Ангеменин баш каарманы Элкуттун уулу камгакка салыштырылат. Сирия менен иши жок кыргыз айылындагы боз улан диндин атын жамынган жанкечтилер үчүн оңой азгырыла турган камгак сымал. Кимдир бирөөлөрдүн буларга такыр тиешеси жок согушуна азгырылган уулун издемекке чыккан ата “Ыя, атаны кокуй, бу наалаты Салимгн уулумду кантип алдырып жибердим. Кай жерден жаздым, кай тарбиядан кетирдим” деп түпсүз санаа чегет. Уулу Баймуратты ошол айылдык эле Салим аттуу жигит азгырат. Салим кесипкөй согушкер, террористтик топтун башчыларынын бири. Бирок айыл эли үчүн молдонун окуусун окуп келген такыба. Ошол такыбасынганы менен жаштарды топтоп, акырындап азгырып, “качан гана шариат менен жашаганыбызда баары өз жолу менен оңолот” (89-б), алла үчүн жан берсең, бейишке чыгасың деп нечендеген энөө жигиттердин башын айланткан жанкечти. Ал буга чейин көп кыз-жигитти алдап Сирияга жиберген, ал үчүн акчалай да, башка да акысын алган. Салимдин максаты айкын –“ушул чөлкөмдүн амири болуп, дин мыйзамы менен жашатат баарын! Капырлардын жүрөгүнөн сары суусун агызат али!” (91-б). Шариятка негизделген ислам мамлекетин түзүү өзүн исламчыл атаган экстремисттик жана терорристтик уюмдардын, күчтөрдүн, топтордун жар салган идеясы, саясий программасынын өзөгү. “Мусулмандар бөөдө кыйналды, азап чегүүдө, алланын жолунан адашты, эзүүгө тушугуп, кор болду, абийири кетти, ушунун баарынын түпкү себеби – халифалыктын кулап калышы жана каапыр системалардын (“демократия – куфр система”) үстөмдүгү. Эми исламдын бүткүл дүйнөдөгү үстөмдүгүн орнотуу жана халифалыкты калыбына келтирүү зарыл. Бул жараткандын буйругу, каалоосу жана эрки, пайгамбардын осуяты, мусулман баласынын ыйык парзы. Халифалык сөзсүз орнойт, анткени ал адамзат көксөгөн эӊ адилеттүү, акыйкат, калыс, таза, жаратканга жаккан жападан жалгыз система. Баарыбыз даваат, үгүт, саясий күрөш жана эӊ башкысы, куралдуу жихад аркылуу бирге күрөшүүгө тийишпиз”. Өзүн исламчыл атаган экстремисттик уюмдардын кыскача идеологиялык кыскача концепти дал ушундай. “Пенденин каалоосу эмес, кудайдын буйругу” – деп жылмайган эле ошондо Салим” (67-б). Террордук топтун жетекчилеринин бири Салим өз айылынан Баймуратка окшогондорду согушка азгырганы келгенде адамдын бардык аракетин алланын эрки деген идеяны бекем айткан. Ушул жөнөкөй жана түшүнүктүү идеяны бекемдөө, аудиторияга жеткирүү, аны ынандыруу үчүн “исламчылар” түрдүү жолдорду колдонот. “От кечкен 30 күн” аңгемесиндеги терс каарман Салим элет журтунун ичинде энөө жигиттерди даваат аркылуу азгырат. Аларды адегенде кайсы бир жакшы жумушка чакырымыш болуп, эл-журтка, ата-энесине акчалуу жумушка кай бир мамлекетке кетти кылып түшүндүрөт. Баймурат да Россияга кеттим деп кетип, акыры Сириядагы согушка кирет. Азгырылган Баймурат исламчылардын идеологиясынын негизги концепттеринин айрымдарын боюна биротоло сиңиргени (индоктринация) аңгемеде кыскача туюнтулган: “Бир ай өтпөй Баймурат Чыгыштагы согушка аттанганын кыска гана билдирүү кылып, телефонуна жазып ийиптир: “Бир туугандардын каны төгүлүп жатканеда сырттан карап тура албайбыз. Октон өлсөм шейитмин ата, кош”, -дептир” (67б). Мынакей, чоччун согуштагы чоочун джанкечти ага бир тууган, өлсө шейит, бейишке чыгат.
Элкут менен Салимдин кармашы аңгемеде мыкты сүрөттөлгөн. Элкут ата-баба мурасын аткаргысы келген, наркты бийик туткан элеттик кыргыз. Салим ислам дининин атын жамынып, жеке кызыкчылыгы үчүн киши тургай, калы https://24.kg/a/1017073 садага чапканга даяр согушкер, теги кыргыз болгону менген кыргыз эжкенин танган террорист, азгырык. Элкуттун азгырылган уулу энөө кыргыз жигити. Үчөө тең реалдуу образдар. Молдо атанган Салим өз айылына жигиттерди азгырганы келчүдө Элкуттун кас душман экенин дароо сезет: “Дароо эле каршылык кайсыл тараптан келээрин туят. Айылда Элкуттун көзүнө түшө бергиси келчү эмес” (91-б). Себеби түшүнүктүү, анткени Элкут салтту билимге ээ, тарыхтан кабары бар, кыргыз нарк мыйзамы менен жашаган, улуттук баалуулуктарды бекем сактаганга умтулган кадимки кыргыз. Айыл элине байыркы кыргыздан кеп салып, даңктуу ата-бабасынын таржымалын саймедиреп айткандан тажабаган киши. Кыпчак бабасы Бейбарс султандын тарыхын айтып түгөтө албайт. Тагдырдын тамашасы ушунда, Бир кезде кыпчак талаасынане колго түшуп кеткенг Бейбар кийин султан болуп, мамлекет башкарды. Эми анын кандашы Элкуттун уулу Баймурат жанкечти террорист Салимдин азгырыгы менен бөтөн согушка айдалып барды. Артынан издеп атасы Элкут кыргыз барды (83-б). Элкутта улуттук иденттүүлүктүн анык белгилери бар. Албетте, мындай адам Салимдин азгырык саясатына каршы чыкмагы турулуу иш. Дин үчүн ыйык согушка үндөгөн, азгырган жанкечтилерге улуттук иденттүүлүк, улуттук нарк-насил башкы тоскоолдук. “Исламчыл” деп аталган, а чындыгында ислам динин бийлик жана байлык үчүн күрөштө курал катары пайдаланган күчтөр диний гана иденттүүлүктү тааныйт жана башка баардык иденттүүлүктүн формаларын, улуттук баалуулуктарды четке кагат, элдик каада-салттарды, расмий жөрөлгөлөрдү жана мыйзамдарды арам иш, жаӊылыштык деп эсептейт. Аларга бейиш ушу десең айдаган жакка кете бермей камгак керек, ушул адал иш десең, ар кандай ишти аткарганга даяр змаңбаш жанкечти керек.
Кыргыз мамлекети, коомчулугу терең ойлонуп, дин, билим-тарбия берүү, идеология жаатында саясатын эски жана жаңы коркунучтарга жараша өзгөртүп, улуттук аң-сезимди, жарандык иденттүүлүктү бекемдөөгө арналган стратегиялык иштерди жүргүзүү абзел. Антпесек ыйык Куранды колунан келишинче бурмалап, шариятты өз кызыкчылыгы үчүн каалагандай калчаган, уюшкан кылмыш менен коюн-колтук алышкан, алар менен түп максаты бир күчтөр жана коомго, саясатка, экономикага таасири артып, колдоочуларынын катары улам арбып бараткан “исламчылар”, “динаятчылар” түйшүгү арбын, багытын таппай кыйналган калктын, улам бир бийликтен көңүлү калып, ишеними бөксөрө түшкөн журттун башын айландырып, жаштарыбызды халифатка сүйрөп кирип, кырмызы кызыл туунун ордуна “ислам” байрагын желбиретүү үчүн туташ үгүт ишинен реалдуу ишке өтпөйт, куралдуу жихадга чыкпайт деген кепилдик жок. Бул нерсени бекем ойлонуп, жакшылап аракеттенишибиз керек эле. Керек жана зарыл. Эрнест Хемингуэй айткандай, баарыбызга коңгуроо кагылганына бир топ болду. Эми да кеч эмес.
Айбек Абдылдаевдин өзүнчө жыйнак болуп чыккан китебиндеги “От кечкен 30 күн” аңгемесинде дал ушул жагдай абдан мыкты баяндалып, көркөм образдар аркылуу келиштире сүрөттөлгөн.
Алмаз Окин, “Кыргыз Туусу”



