Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте "АгроТехЭкспо-2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси ачылды

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” жана “Алтын күз” көргөзмө-жарманкеси ачылды

Бишкектеги эски аянтта “АгроТехЭкспо-2026” эл аралык адистештирилген көргөзмөсү жана салттуу “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси салтанаттуу ачылды.

Көргөзмөдө коноктор заманбап айыл чарба техникалары, инновациялык технологиялар, мультиспектралдык дрондор, фермерлер үчүн iDiykan санариптик платформасы, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгы жана балык өстүрүү тармагындагы жетишкендиктер менен тааныша алышат.

Ал эми “Алтын күз” жарманкесинин алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген дыйкандар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр борбор калаанын тургундарына, конокторуна жашылча-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын, бал, ошондой эле башка айыл чарба товарларын арзан, социалдык баада сунушташууда.

Иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта 23-октябрдан 25-октябрга чейин өтөт. Иштөө убактысы саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар