Чүй облусунун Кант шаарында параспортчулар үчүн атайын спорттук комплекс куруу пландалууда. Долбоорго Бириккен Араб Эмираттарынан, анын ичинде Дубайдан инвестор тартылат. Бул тууралуу 28-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Улан Асанбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда паралимпиадалык спорт менен машыккандар үчүн атайын жабдылган спорттук жайлар жок. Комплекс куруу үчүн Кант шаарынан жер тилкеси бөлүнгөн.
«Бизде алар үчүн атайын инфраструктура жок. Келерки жылы Кантта курулуш иштерин баштоону пландап жатабыз. Ал жерден тилке бөлүндү. Дубайдан да демөөрчүлөр бар. Алар менен биргеликте паралимпиадалык комплекс курабыз», — деди Асанбаев.
Жаңы комплексте майыптыгы бар спортчулар паралимпиадалык спорттун түрлөрү менен машыга алышы үчүн бардык шарттар түзүлөт.
Долбоор ишке ашса, Кыргызстанда параспортчулар үчүн атайын курулган ири спорттук жайлардын бири болот.



