Home Көчмөндөр оюндары Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдык эсепте биринчи орунда

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдык эсепте биринчи орунда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2-сентябрдагы жыйынтыгы боюнча Кыргызстан медалдык эсепте ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат.

Кыргызстандын спортчулары учурда 9 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медаль багындырып, жалпы 17 медаль топтошту.

Медалдык эсепте экинчи орунда Орусия келе жатат. Орусиянын капчыгында жалпы 12 медаль бар. Ал эми Казакстан 7 медаль менен үчүнчү орунда жайгашты.

Медалдык эсеп:

Кыргызстан — 17 медаль: 9 алтын, 6 күмүш, 2 коло
Орусия — 12 медаль
Казакстан — 7 медаль

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта башталып, 6-сентябрга чейин уланат. Мелдештер өлкөнүн бир катар аймактарындагы спорттук аянтчаларда өткөрүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here